Баракелде - Сох дарыясында суунун көлөмүнүн көбөйгөндүгүнөн Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл округунун Ак-Турпак айылына жана айыл тургундарына келтирилген коркунучту жоюу боюнча ӨКМдин техникалары иштеп жатышат, - деп билдирди алдын алуу иштери жүрүп жаткан жерден Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл округунун башчысы Алчыбай Торалиев. Бул тууралуу Баткен обладминистрациясынын басма сөз кызматы маалымдады.
Айыл округ башчысынын айтымында, Сох дарыясындагы суунун жээгинде калкалоочу суу тосмонун 20 метр ылдый жагын суу жиреп, натыйжада 200дөн ашуун калк жашаган айылга жана 10 гектар сугат жерге коркунуч келтирилген. Ыкчам аракеттерди жасоонун негизинде ӨКМ үч техника бирдиги аталган жерде иштеп, коркунуч алдын алынган.
Өзгөчө Кырдаалдар министрлигинин куткаруу иштерине кол кабыш кылып жергиликтүү айыл тургундары да жардамдарды берүүдө, дейт А.Торалиев.













Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (0)