Баракелде - Адвокат Нурбек Токтакунов А.Аскаровду жактоону токтотту, деп билдирет укук коргоочу Бурул Макенбаева.
Анын айтымында, Н.Токтакунов өзүнүн коопсуздугуна кепилдик жок болуп жатканы үчүн адвокаттык ишти мындан ары аткара албасы менен түшүндүргөн. Адвокат өзү бул боюнча комментарий берүүдөн баш тартты.
Эскерте кетсек, 2-августта адвокат Нурбек Токтакунов Базар-Коргон райондук убактылуу кармоо жайына келгенде ага топтолгон адамдар өзбек тектүү укук коргоочу Азимжан Аскаровду коргобо деп ыдык көрсөтүшкөн.
Укук коргоочу Азимжан Аскаров 15-июнда Базар-Коргондогу тополоң учурунда кармалган. Ал «массалык башаламандыкты» уюштуруп, «улуттар аралык жек көрүүчүлүктү козгогон» деп айыпталып, июнда курман болгон милиция кызматкеринин өлүмүнө да тиешеси бар экени айтылган. Ага карата милиция кызматкерлери тарабынан кыйноолор болуп жатканы белгиленип, Базар-Коргон райондук ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоо жайынан облустук бөлүмгө которулган. Милиция кызматкерлери жана акыйкатчы Турсунбек Акун Азимжан Аскаровго карата кыйноолор болбогонун белгилеп келишет. Бүгүн, 2-сентябрда А.Аскаровдун соту болору айтылган болчу.













Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (0)