Баракелде - Жалал-Абад областынын Базар-Коргон районунунда турак жайларды кайра калыбына келтирүү иштери толук кандуу жүрүүдө, деп маалымдайт райодук мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары Каныбек Тилекеев.
Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, анын айтымында, июнь айындагы окуялардын натыйжасында Базар-Коргон айылында 205 турак үйлөр жана 2 мамлекеттик ишкана зыянга учураган. Комиссия тарабынан аныкталган зыяндын жалпы көлөмү 178 млн 821 миң сомду түзөт.
Жапа чеккендерге 125 тонна цемент берилип, 52 турак үйдүн фундаменттин куюу бүткөрүлдү. Учурда 200 тонна цемент дагы жеткирилип, 110 үйдүн фундаменти куюу иши жүрүүдө.













Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (0)