Баракелде - УТРКнын башкы директорунун мурдагы орун басары, журналист Асель Мамбетова Курманбек Бакиев ага 5 бөлмөлүү квартира, 2 унаа тартуулаганын, «АзияУниверсалБанкта» эсеби барын жана азыркы тапта чет өлкөдө эс алууда экенин четке кагып, «Баракелдеге» 2-сентябрда билдирди.
Анын айтымында, ал бардык фискалдык органдар жана ММКлар үчүн ачык жана аталган материалдык баалуулуктардын анда жок экендигин керектүү деңгээлде далилдеп берет. Асель Мамбетова мындай маалыматты тараткан гезиттин редакциясы жоопкерчиликсиз иш жасаганын жана профессионалдык деңгээли төмөн экенин белгиледи.
Эскерте кетсек, «Лозунг» гезити 1-сентябрда чыккан санында «Курманбек Бакиевдин токолу деп айтылып жүргөн журналист Асель Мамбетовага Курманбек Бакиев 5 комнат үй, эки машине алып бериптир», деп жазган жана «А.Мамбетова 7-апрель күнү кызматтагы машинесин чакырта коюп, кабинетин бүт көчүрүп кеткенге үлгүргөнүн, көчүрүп баратып жол кырсыгына кабылганын уккандарын, арадан аз өтпөй эле «АзияУниверсалБанкына» барып «счетунун» баарын алып кеткенге аракет кылганын, бирок акчасынын теңи «тоңдурулуп» калганын жана учурда журналист чет мамлекеттердеги аралдардын биринде эс алып жүргөн» имиштигин жазышкан.













Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (0)