
Баракелде - Сентябрь айында абанын орто айлык температурасы Кыргызстандын көпчүлүк аймагында нормадан 1-2 градуска төмөн болушу күтүлүүдө. Бул тууралуу Кыргызгидрометборбордон билдиришти.
Чүй жана Талас областарында абанын температурасы 12...17 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында 18...20, Ысык-Көл өрөөнүндө жана Нарында 11...14 градуска чейин жылыйт.
Жаан-чачын республиканын көпчүлүк аймактарында нормадан бир аз ашык болот, Нарын облусунда гана нормадан азыраак болушу күтүлөт.













Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (0)