Баракелде - Парламенттик шайлоого ат салышууга каттоодон өткөн партиялардын үгүт иштери 10-сентябрдан тартып башталат. Бул тууралу БШК төрагасы Акылбек Сариев бүгүн маалымат жыйынында билдирди. Бирок, учурда айрым саясий партиялардын жашыруун мүнөздөгү үгүт алып жүргөн көрнөк-жарнактары дагы деле шаарда илинип турат.
Бул боюнча Акылбек Сариев тийиштүү чаралар көрүлүп жатканын айтты. Мындан сырткары, БШК төрагасы Кыргызстанда парламенттик шайлоого катыша турган бир да партия расмий түрдө каттоодон өтө электигин билдирди. Бүгүн комиссия алгачкылардан болуп, тизмелерин тапшырган эки партиянын документтерин карап чыгат. Айта кетсек, учурда БШКга жалпысынан 29 партия шайлоо өнөктүгүнө катышуу тууралуу арыздарын тапшырган. Эми 10-сентябрга чейин партиялардын шайлоого катыша турган мүчөлөрүнүн тизмесин тактаган соң, шайлоого кайсы партия ат салыша тургандыгы жарыяланат.













Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (0)