Баракелде - Кыргызстандын президенти Роза Отунбаеванын Жарлыгын аткаруу максатында Жалал-Абад областынын Базар-Коргон районуна жапа чеккендерге ссуда берүүгө 1 млн 650 миң сом бөлүy, деп маалымдады Базар-Коргон районунун акиминин биринчи орун басары Каныбек Тилекеев.
Анын айтымында, пайызсыз ссудалар 200 миң сом cуммасында кайтарып берүү мөөнөтү 20 жыл менен ар бир чарбалык үйгө берилет. Эгерде жапа чеккен адамдар ссуданы алууга макул болсо, аларга 50 миң сом суммасында бир жолку жардам кайтарымсыз берилет.
Учурда ссудаларды жана бир жолку жардамды алууга жапа чеккен адамдардын документтерин тактоо жана калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат.













Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (0)