Баракелде - Үч орусиялык альпинист - Уфанын жана Красноярскийдин эки жашоочусу Кыргызстандагы «Жеңиш» чокусунан түшүп келе жаткан учурда көз жумушту, деп билдирет РИА Новости булагы Башкириянын жаштар жана спорт министрлигинин туризм бөлүмүнүн өкүлүнө таянып.
Кырсык 28-августта болгон жана бул тууралуу кабар 1-сентябрда гана билгилүү болду.
Орусиялык альпинисттер 24-июлда «Жеңиш-65» долбооруна катышкан. Аталган долбоор боюнча алар Улуу Жеңиштин 65 жылдыгына карата Жеңиш чокусуна чыгышмак. Топ 24-августта чокуга чыккан. Бирок түшүп келе жаткан кезде кычкылтек жетишпей, алдына ала болжолдонуп жаткандай, үч спортчу мээлери шишип кетип каза табышкан.
«Учурда машыктыруучунун жана кырсыкты иликтөө боюнча түзүлгөн комиссиянын атайын расмий маалыматы жок»,- дейт агенттик.
Ал эми КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бүгүн мындай маалымат келип түшпөгөнүн билдирди.













Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (0)