Баракелде - Июнь айындагы коогалаӊдан жабыркаган биринчи 49 үй-бүлѳ 2 млн 450 миӊ сом мамлекеттин жеӊилдетилген карызын (ссуда) алды.
Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтүрүү мамлекеттик дирекциясынын пресс-кызматы маалымдагандай, 1-2-сентябрда июнь айындагы коогалаӊдан жабыркаган биринчи 49 үй-бүлѳ 50 миӊ сомдон 2 млн 450 миӊ сом ѳлчѳмүндѳгү мамлекеттин жеӊилдетилген карызын (ссуда) алды. Ссуда алган үй-бүлѳлѳрдүн ичинен 30 үй-бүлѳ Жалал-Абад облусунда, ал эми калган 19-у Ош облусунда жашашат. Жабыркагандарга бериле турган 200 миӊ сомго чейинки ссуда 4 транштан турат. Ар бир транш 50 миӊ сомдон.
Бүгүнкү күндѳн баштап ссудалар Ош шаарында да бериле баштайт.













Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (0)