Баракелде - Жумгал районунун демократиялык жаштар бирлигинин төрагасы Нурлан Шамырканов нарындык жаштардын атынан жергиликтүү бийликте жаштарга көңүл буруу жокко эсе экендигин айтты.
«Кечээ президент Роза Отунбаева Нарынга келгенде баары тосуп алып, коштоп жүрүштү. Мүмкүн каржы же болбосо башка министр келсе, губернатор тосуп алып, жандап жүрмөк. Эмне үчүн жаштар министри Нарынга келип жатса, губернатор же орун басарларынын бири келип биздин кепти укпайт», - дейт Н.Шамырканов.
Ал улгайган адамдар пенсияга чыккандан кийин кызмат орундарын жаштарга бошотуп беришсе деген оюн айтты. «Биз жаштар министрлигинен ушул маселени болочок Жогорку Кеңешке коюп, мыйзамдаштыруууну сунуштайбыз», - деди ал.













Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (0)