Баракелде - Кыргызстандын жаңы уюшулган Жаштар министрлиги өз алдына негизинен 4 багытты ишке ашырууга белсенүүдө, деп билдирди 2-сентябрда жаштар иштери боюнча министри Алиясбек Алымкулов Нарын шаарында жаштардын өкүлдөрү менен болгон жолугушууда.
Анын айтымында, жумушсуздук, сапаттуу илим, идеология жана жетим менен кедей жаштарга жакындан жардам берүү министрликтин башкы милдеттери болууда.
Ошондой эле, А.Алымкулов жаштар министрлиги өкмөт менен жаштардын ортосунда көпүрөлүк милдетти аркалап, бюджетке ишенбестен, донор уюмдарга таянуу аркылуу иш-аракеттерин жүзөгө ашырып жаткандыктарын, ар бир облустан бирден айыл округду пилоттук үлгүдө министрликтин көзөмөлүнө алынаарын, алдыда ар бир облуста өкүлчүлүктөр ачылаарын кошумчалап, суроолорго жооп кайтарды.













Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (0)