
Баракелде - Кечээ 2-сентябрь күнү Жалал-Абад шаардык мэрия ардагерлер жана спорттун чеберлери үчүн ооз ачырып, Сингапурда өткөн өспүрүмдөр олимпиадасынын коло сыйлыгынын ээси Шадыбек Сулаймановго эки бөлмөлүү батирдин ачкычын облус губернаторунун милдетин аткаруучу Б.Асанов тапшырды. Ошондой эле шаардын атынан жаштар арасында Азия чемпионатына катышкан спорт чеберлерине акчалай сыйлыктар тапшырылды.
Кытайдын жаштар арасында Азия чемпионатында Куан-Шынь шаарындагы чемпионатта 3-орундун ээси Токторбаев Тынчтыкбекке 15 миң сом, машыктыруучусу Алтынбек Салаевге 10 миң сом ыйгарылды. Таиланддын Бангкок шаарында өспүрүмдөр арасында өткөн чемпионатта 2-орунду ээлеген Замир Дунканаевге 15 миң сом, анын машыктыруучусу Исламидин Узаковго 10 миң сом берилди. Сингапурдагы олимпиаданын коло сыйлыгынын ээси Шадыбек Сулаймановго эки бөлмөлүү батирдин ачкычы, анын машыктыруучусу И.Өмүрзаковго турак-жай салууга жер участогу бериле турган болду.
Шадыбек Сулайманов Жалал-Абад шаарынын Т.Тайгараев атындагы орто мектептин 11-классынын окуучусу, грек-рим күрөшү боюнча 50 кг чейинки салмактагы коло медалдын жеңүүчүсү. Ал КР президенти Роза Отунбаеванын колунан 5 миң долларга сертификат алган.
Эскерте кетсек, өспүрүмдөрдүн олимпиада оюндары - бул 14-18 жаштагы жаш спортчулардын таймашы. Сингапурда 3,5 миңден ашуун ар мамлекеттин өкүлү спорттун 30 түрү боюнча өнөрүн көрсөткөн.













Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (0)