Баракелде - Нарын шаарында жаңы уюшулган «Элдик көзөмөл» жарандык комитети тарабынан жыйын өткөрүлүп, анда президенттин Нарындагы иш сапарынын жыйынтыгы талкууланды. Бул тууралуу Нарындан кабарчы Күмөндөр Усуптегин билдирүүдө.
Жыйында губернатордун мурунку орун басары Эрлан Сапарбаев билдирүү жасады. Ал Торугарт көзөмөл өткөөл бекетинин (КӨБ) жаңы курулушу ичкери карай 60 чакырым аралыкка курулаары тууралуу долбоор даярдалгандыгы боюнча өлкөнүн Транспорт жана коммуникация министри Эркин Ысаков жана Нарын облус губернатору Турдубек Мамбетов жалган маалымат айтууда деп билдирди. «Ушундан улам мен алар менен түз эфирге чыгууга макулмун», - деди. Нарын облустук акимчиликтин бөлүм башчысы Ырысбек Шалтаев Торугарт КӨБнүн жаңы курулушу башка жерге курулбастыгын, ага облустук бийлик таптакыр каршы экендигин тастыктады.
Жыйында Арпа өрөөнүндөгү «Волластонит» минералы тууралуу маалыматтарды жергиликтүү бийлик өлкөнүн геологиялык минералдык ресурстар агенттиги менен бирдикте ачык маалымат берүү сунушу келтирилди.













Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (0)