Баракелде - Кыргызстандын саламаттыкты сактоо министри Сабыржан Абдикаримов 2-сентябрда Германиянын Франкфурт-на-Майне шарында Немец ѳнүктүрүү банкынын Давид Кунце долбоордук-менеджери башында турган ѳкүлдѳр менен жолугушту.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушуу учурунда эки тарап ортодогу кызматташтыкты мындан ары улантууга ниеттерин билдиришти. Ошондой эле, долбоордо иштеген адистердин жогорку деңгээли суроосу менен тыгыз иштѳѳ кызматташуунун эң жогорку натыйжасы экендигин белгилешти.
Немец тарап, ѳзгѳчѳ басымды Кыргызстанда эне менен баланын саламаттыгын коргоого зор кѳңүл бурушаарына токтолуу менен аталган долбоордун тѳртүнчү жана бешинчи баскычын улантууга ниетин билдиришти. Алар, асыресе, мурунку эне менен баланын саламаттыгын коргоо программасынын үч баскычынын алкагында тестирлѳѳ жүргүзүп, негизинен бул багытта жумуш туура жолдо бараткандыгын айтып, андай иштер дагы да болсо улана берээрин белгилеп ѳтүштү.
Тараптар ошондой эле, сѳзсүз түрдѳ перинаталдык борбордун иштешин жана ал борбордо экспертизалоо менен тез жана пайдалуу жардамдарды бере турган окутуу уюштурулуп турушун жактырышты. Аталган келечекте курула турган борбор Бишкек шаарында жайгашышы боюнча, эки тараптын тең пикирлери бир жерден чыкты.













Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (0)