Баракелде - Мындай маалыматты Ага Хан корунун эксперттери билдиришти. Эксперт Евгений Семеновдун айтымында, Нарын шаарынын суу-канал абалына карата иликтөө жүргүзүлгөндө жакынкы жылдары шаардын 14 чакырым аралыгына жаңы түтүктөрдү куруу жана дагы ушунча аралыктагы суу түтүктөрүн алмаштыруу керектиги аныкталган.
Мындан сырткары, шаардын калкын толук таза суу менен камсыздоого жалпысы төрт суу сактоочу резервуар куруу, суу түтүктөрдүн 70-80 пайызын оңдоо зарыл.
Нарын шаардык суу-канал ишканасынын жетекчиси Темирбек Ыбраевдин маалыматы боюнча шаардын суу түтүктөрүнүн узундугу 90 чакырымды түзөт. Өткөн жылы Ак-Бечел башкы суу берүүчү филтрлүү имаратынын курулушу башталып, 5,6 млн сомдук жумуш аткарылган. Быйылкы жылга да 5 млн сом каралып, бирок болгону 900 миң сом которулган. Бул суу берүүчү жайды толук бүткөрүү үчүн жалпысы 65 млн керек.













Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (0)