Баракелде - Бишкекте 2010-жылдын 8-сентябрында вакансиялардын улуттук жарманкеси өтөт, деп маалымдайт Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигинен.
Маалыматка ылайык, ага бардыгы болуп жумуш сунуштоочу 40 компания катышат. Жылда уюштурулуп келген жарманкеге бизнес өкүлдөрү, ири чет элдик компаниялардын өкүлдөрү, ишке орноштуруу агенттиктери ошондой эле, жумуш издеген жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү, студенттер жана жумушсуз адамдар катышат.
Жарманкеде – банктык иш, финансы, бухгалтерия жана аудит, маалыматтык технология, консалтинг, маркетинг, телекоммуникация жана байланыш, дүң жана чекене соода, транспорт жана логистика, туризм жана мейманканалык сервис багытта адистиктерге бош орундар сунушталат.
Иш чаранын алкагында мастер-класстар уюштурулат, негизги тема резюмени туура жазуу, биринчи аңгемелешүүдө эмнелерди билүү керек деген багытта болот.













Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (0)