Баракелде - Кыргызстандын Белоруссиядагы элчилиги Кыргызстандын Белоруссиядагы элчиси Ишенгүл Болжурованын отставкага кетиши тууралуу маалымат жөнүндө кабардар эмес, деп билдирет Кыргыз телеграф агенттиги.
«Бизде элчинин отставкасы жөнүндө маалымат жок. Учурда И.Болжурова эс алууга чыккан. Ал Минскиде жок»,-дейт Минск шаарындагы Кыргыстандын Белоруссиядагы элчилиги.
Ал эми Кыргызстандын президентинин басма сөз кызматы бул маалыматты расмий тастыктаган да, четке каккан да жок. «Эгерде Отунбаева жарлыкка кол койсо, биз кабар беребиз», - деди мамлекет башчысынын басма сөз кызматы.













Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (0)