
Баракелде - Паракорчулук, коррупция, бюрократиялык мамилелер, ак халатчандардын оорулууларга жасаган кара үзгөйлүктөрү, бир туугандардын өз ара байлык талашуусу жана башка терс көрүнүштөрдү чагылдырган «Мен арызданам» аттуу пьесанын бет ачары Нарында болду.
Бул пьесанын автору кыргыз Эл акыны, Токтогул сыйлыгынын ээси Жалил Садыков. Трагикомедияда арызчылдын тиги дүйнөгө барганда аны жанчып сабап сурак алгандагысы да чагылдырылган. Чыгарманы М.Ырыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалуу драма театрынын сахнасына режиссер Жапаров Аманбек алып чыккан. Бет ачарга Нарын облусунун губернатору Турдубек Мамбетов, КРнын Билим жана илим министри Канат Садыков, КРнын Маданият жана маалымат министринин орун басары Кожогелди Култегин катышышты.













Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (0)