Баракелде - 5 миң мугалимдерден турган Кыргызстандын мугалимдеринин биринчи көз карандысыз профсоюзу «Ак жол» партиясы менен бир нече млн сомго соттошууга даяр экендигин «Комсомольская правда» гезити 6-сентябрдагы санында жазып чыкты.
Мугалимдердин айтымында, алардан «Ак жол» партиясы мүчөлүк төлөмдөрүн мыйзамсыз чогулткан деген айып тагылууда. 2007-жылдан баштап бардык республика боюнча жергиликтүү мектеп администрациясы тарабынан мугалимдерден мыйзамсыз партиялык мүчөлүк төлөмдөр катары миллиондогон сом акчалар алынып турган.
Ал эми бул суроо боюнча «Ак жол» партиясынын биринчи орун басары Табылды Орозалиев мындай деп жооп узатты. «Мугалимдер партияны сотко берүү жөнүндө маалыматты мен биринчи жолу угуп жатам. Кандай деп чечишсе, ошондой кылышсын», - деди ал.













Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (0)