
Баракелде - Кыргызстанда балдар эндокринологдору жетишпей жатат. Бул тууралуу «Слово Кыргызстана плюс» гезитине (26-март, №8) КР Диабетикалык федерациясынын төрайымы Виктория Жарикова кабарлады.
Анын айтымында, республикада бүгүнкү күндө 4 гана адис иштөөдө — бирөө Ошто, үчөө Бишкекте, ошондуктан аймактарда мындай адистер керек болуп жатат.
В.Жарикова айткандай, кадрлардын жетишпегендигине байланыштуу кээ бир терапевттер жана башка врачтар эндокриндик оорулары бар адамдарга жардам берүү үчүн кыска мөөнөттө окуудан өтүшүүдө. Бирок жогорку дэңгээлдеги жардам кылуу үчүн врачтардын билими жетишсиз.
Расмий маалыматтарга таянсак, бүгүнкү күндө Кыргызстанда 28 миңге жакын адам 1 жана 2-типтеги диабетке чалдыккан жана 200 бала дайым инсулинге муктаж.



















Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (0)