17:57, 12 Апрель 2012 ж.
Каныкей өлкөнү кыдырып концерт берет
Каныкей май айында Ысык-Көл, Талас жана Нарын облустарын кыдырып, жандуу үн менен жеке концертин тартуулоого катуу даярдык көрүп атат. Бул тууралуу «De-факто» гезитинин 12-апрелде чыккан санында жазылган.
«Демек, ырчынын аталган облустардагы күйөрмандары Каныкейди жакындан көрүп, талантына күбө боло алышат», - деп жазат гезит.
Ошондой эле Каныкей кайсы бир компания менен 5 жылдык келишим түзүп, ишке киришти.
«Азырынча ал кайсы компания экенин айтпай эле турайын. Жакында маалымат жыйынында жалпы журтчулукка жарыялайбыз», - дейт Каныкей.



Каттала элек болсоңуздар - Каттоо