АКИpress - Экинчи Батыш округдук аскер соту «Крокус Сити Холлдогу» терактты жасаган төрт адамды өмүр бою эркинен ажыратты. Бул тууралуу «Интерфакс» кабарлады.
Өмүр бою абакка кесүү жазасы Далержон Мирзоевге, Саидакрами Рачабализодага, Шамсидин Фаридуниге жана Мухаммадсобир Файзовго берилди. Алар теракт жасоо, террористтик ишмердүүлүккө көмөктөшүү, террористтик максатта окуудан өтүү жана башка кылмыштар боюнча күнөөлүү деп табылды.
Мындан сырткары, сот алардын ар бирине 990 миң рубль өлчөмүндө айып пул салды. Алар жазасын өзгөчө тартиптеги колонияда өтөшөт.
«Ошондой эле сот терактка көмөктөштү деп айыпталган дагы 11 фигурантты өмүр бою эркинен ажыратты», - деп билдирди «РИА Новости».
Алар: Умеджон жана Мустаким Солиевдер, Шахромджон Гадоев, Зубайдулло Исмоилов, Хусейн Хамидов, Мухаммад Шарипзода, Якубжони Юсуфзода, Назримад Лутфуллои, Жумахон Курбонов, Хусен Медов жана Жабраил Аушев.
Дагы төрт айыпталуучу 19 жыл 11 айдан 22,5 жылга чейинки мөөнөттөргө кесилди.
«Крокус Сити Холлдогу» теракт 2024-жылдын 22-мартында болгон. Террористтер «Пикник» тобунун концерти башталар алдында комплекске кирип барып, элге ок чыгарышкан жана залды өрттөп жиберишкен. Натыйжада 150 адам каза болгон.
Бул кылмыш иши боюнча төрт аткаруучу менен бирге жалпы 15 көмөктөшүүчү шектелип жаткан.
Теракт үчүн жоопкерчиликти «Ислам мамлекетинин» Афганистандагы канаты болгон «Вилаят Хорасан» тобу өзүнө алган. Владимир Путин болсо террористтер Украинанын кызыкчылыгында иш алып барган деп билдирген.