АКИpress - Жогорку Кеңештин комитеттеринин курамдарында өзгөрүүлөр болду — 3 депутаттык топ бир катар комитеттерге өздөрүнүн депутаттарын жөнөтүштү, айрымдары комитеттерин алмаштырышты, кээ бирлери жаңы эле мандат алышып, комитеттердин курамына киришти.
«Эл Үмүтү — Ата Журт»
Таалайбек Сарыбашов финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү комитетине өттү.
«Ынтымак Мекенчил»
Советбек Рустамбек уулу илим, билим, инновациялык өнүктүрүү жана маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитетинен чакыртылып, эмгек, саламаттыкты сактоо, аялдар жана социалдык маселелер боюнча комитетке өттү.
Гүлсүнкан Жунушалиева эмгек, саламаттыкты сактоо, аялдар жана социалдык маселелер боюнча комитетинен чакыртылып, илим, билим, инновациялык өнүктүрүү жана маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитетке өттү.
Талант Мамытов конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана парламенттин регламенти боюнча комитеттин курамына өттү.
Айбек Алтынбеков өнөр жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш боюнча комитетке өттү.
Айгүл Карабекова финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетке өттү.
Жайлообай Нышанов эмгек, саламаттыкты сактоо, аялдар жана социалдык маселелер боюнча комитетке өттү.
Карим Ханжеза эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетке жиберилди.
«Элдик»
Азизбек Абдуллаев өнөр жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш боюнча комитетке өттү.
Парламентте жалпысынан 8 комитет иштейт:
- Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети;
- Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети;
- Агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана чөйрөнү коргоо боюнча комитети;
- Илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитети;
- Өнөр жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш боюнча комитети;
- Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитети;
- Сот-укук маселелери, укук тартиби, коррупция менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети;
- Эмгек, саламаттыкты сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелери боюнча комитети.
Депутаттык топ Жогорку Кеңештеги пропорционалдуу өкүлчүлүгүн эске алуу менен ар бир комитетте өздөрүнүн өкүлчүлүгүн камсыз кылууга милдеттүү. Бир депутаттык топтон комитеттин курамына 3 мүчөдөн ашык эмес депутат кирет.