АКИpress - Жогорку Кенеш 12-мартта «Тынч жыйындар жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Анын демилгечиси депутат Кубанычбек Самаков.
Документтин негиздеме бөлүгүндө айтылгандай, мыйзам коомдук тартипти сактоого, жарандардын коопсуздугун камсыздоого жана митингдерге, акцияларга катышпаган адамдардын укуктарын коргоого багытталган. Долбоору тынч жыйындарды уюштурууда жергиликтүү бийликтин ыйгарым укуктарын кеңейтүүнү сунуштайт.
Атап айтканда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына митинг өткөрүү үчүн атайын жерлерди аныктоо укугун берүү сунушталууда. Азыркы мыйзам боюнча тынч жыйындарды айрым объекттерден башка өлкөнүн дээрлик бардык аймагында өткөрүүгө уруксат берилет. Жаңы долбоор мындай иш-чараларды атайын бөлүнгөн жерлерде гана өткөрүүнү сунуштайт.
Мындан тышкары, муниципалитеттерге жөө жүрүштөрдүн жана демонстрациялардын багыттарын аныктоо укугун берүү каралууда. Бул транспорттун кыймылына, жөө жүргүнчүлөргө жана инфраструктура объекттеринин ишине тоскоолдук жаратпоо үчүн маанилүү.
Ошондой эле азыркы мыйзамдагы мамлекеттик органдар менен жергиликтүү бийликтин тынч жыйындардын өтүүчү жери, убактысы жана багытын аныктоосуна тыюу салган норма өзгөртүлмөкчү. Жаңы долбоор боюнча жергиликтүү бийлик митинг өтүүчү жерди жана жүрүштүн багытын аныктай алат, бирок жыйын өткөрүүнүн өзү керекпи же жокпу деген маселени чече албайт.
Ошол эле учурда акциялардын убактысын чектөө же аларды тыюу салуу укугу мурдагыдай эле соттун карамагында калат жана мыйзамда көрсөтүлгөн негиздер менен гана колдонулат.
ИИМдин маалыматы боюнча, 2020-жылдан 2023-жылга чейин Кыргызстанда 3740 митинг жана жыйын өткөн. Анын 1727си Бишкекте болгон. Көп учурларда коомдук тартипти сактоо үчүн кошумча милиция күчтөрүн тартууга туура келген. Негиздемеде массалык акциялар кээде коомдук тартиптин жана санитардык нормалардын бузулушуна, унаалар менен жөө жүргүнчүлөрдүн кыймылынын тосулушуна, жашоочулардын үйлөрүнө жана социалдык объекттерге кирүүсүнүн чектелишине, ошондой эле мүлк менен жашыл бак-дарактарга зыян келтирүүгө алып келери да айтылган.
Авторлор митингдер үчүн атайын жерлерди аныктоо социалдык чыңалууну азайтып, жарандардын коопсуздугун жогорулатат деп эсептешет. Мыйзам долбоорунда жергиликтүү бийлик массалык иш-чаралар өтүүчү жерлерди аныктаган — Россия, Беларус, Литва, Бельгия жана Европанын дагы бир катар өлкөлөрүнүн мисалдары да келтирилген.