АКИpress - Жогорку Кеңештин 12-марттагы жыйынында Кыргызстан менен Египеттин ортосундагы дипломатиялык, кызматтык жана атайын паспорттордун ээлери үчүн визалык талаптарды өз ара жоюу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоору үч окууда кабыл алынды.
Документке ылайык, дипломатиялык, кызматтык же атайын паспорту бар Кыргызстандын жана Египеттин жарандары экинчи өлкөнүн аймагына визасыз кирүүгө, чыгууга, транзит менен өтүүгө жана ар бир 180 күндүк мөөнөттүн ичинде 90 күнгө чейин болууга укуктуу. Мындай паспорттордун ээлери барган мамлекеттин мыйзамдарын сактоого милдеттүү. Ошону менен бирге кабыл алуучу тарап улуттук коопсуздук, коомдук тартип же саламаттыкты сактоо себептеринен улам өлкөгө киргизүүдөн баш тартуу же болуу мөөнөтүн кыскартуу укугун өзүнө калтырат.
Аталган келишимге 2025-жылдын 4-ноябрында Каирде Кыргызстандын президентинин Египетке болгон расмий сапарынын алкагында кол коюлган.
Бул кадам дипломаттар менен мамлекеттик кызматкерлердин каттамын жеңилдетүүгө жана эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган.