АКИpress - 14-15-март күндөрү туруксуз аба ырайына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүп, жолдор тайгак болушу күтүлөт.
- Кар көчкү төмөнкү автожолдордо болушу мүмкүн:
- Бишкек—Ош автожолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу) жана 198-265-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы);
- Мырза-Аке—Кара-Кулжа—Алайкуу автожолунун 55-115-чакырымдарында;
- Ала-Бука—Каныш-Кыя автожолунун 65-75 жана 88-101-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу);
- Красная Горка—Ак-Таш автожолунун 0-3-чакырымдарында;
- Бишкек—Нарын—Торугарт автожолунун 292-305-чакырымдарында (Долон ашуусу);
- Балыкчы—Казарман—Жалал-Абад автожолунун 201-205, 260-290 жана 326-249-чакырымдарында (Көк-Арт ашуусу);
- Каракол—Эңилчек автожолунун 45-90-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу).
Кар көчкү коркунучу бар тилкелерде унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты сактоо зарылдыгы зарыл.