23:13, 14-март, 2026

Бишкекте эркек киши өз жанын кыйды. Ал мындай кадамга карыздан улам барган болушу мүмкүн

На русском
13:03, 14-март, 2026 1484

АКИpress - Бишкекте эркек киши өз жанын кыйды. Бул тууралуу 14-мартта борбор калаанын милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Тактап айтканда, 13-мартта «102» кызматына Кожомбердиев көчөсүндөгү ресторандардын биринин жанында унаада эркек киши өзүн атып салганы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери барганда, «GAC» үлгүсүндөгү унаанын ичинен октон жаракат алган 1981-жылы туулган К.К. аттуу жарандын жансыз денеси табылган.

Маркумдун жанынан 12 мм калибрдеги «Иж-18» үлгүсүндөгү мылтык, 13 патрон, гильза, эки уюлдук телефон, өлүм алдындагы кат жана башка далил буюмдар табылган.

Алдын ала маалымат боюнча, ал өзүнүн көкүрөк тушуна аткан, мындай кадамга карыздарынан улам барган болушу мүмкүн.

Бул факт Кылмыш-жаза кодексинин 128-беренесинин 1-бөлүгү (өзүн өзү өлтүрүүгө жеткирүү) боюнча катталды.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»