АКИpress - Борбордук шайлоо комиссиясына Шайырбек Ташиевден Жогорку Кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча арыз түштү.
БШК анын арызын 14-марттагы жыйынында карайт.
Ташиев №11 шайлоо округу боюнча 24 миң 302 добуш менен шайланган. Ал «Ынтымак-Мекенчил» депутаттык тобунун мүчөсү.
Буга чейин депутаттык мандатын тапшыргандар:
Жанар Акаев — Ош шаарынын мэри болуп дайындалды
Шайырбек Ташиев №11 шайлоо округунан Алтынбек Кылычбаев жана Венера Салямова менен бирге Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган. №11 округдун чек аралары: Манас шаары толугу менен, Сузак районунун Көк-Жаңгак шаары, Барпы жана Багыш айыл аймактары толугу менен.