01:52, 22-март, 2026

Садыр Жапаров Нарында эмне тууралуу сүйлөдү?

На русском
12:46, 21-март, 2026 1663

АКИpress - Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-мартта Нарын шаарынын борбордук аянтында Нооруз майрамын белгилөөгө катышты.

Мамлекет башчысынын куттуктоосу:

“Кымбаттуу кыргызстандыктар!

Ар-намысы тоодой бийик теңир тоолук агайын-туугандар!

​Күн менен түн теңелип, жер бетинде тиричилик жанданып, жергебизге жалпыбыз күткөн жаз келди.

Ата-бабаларыбыздан калган улуу көчтү улай, изги тилектердин, жаңылануунун, эмгектин, ынтымак менен биримдиктин жарчысы, адамзаттын маданий мурасы – Нооруз майрамын маданий жөрөлгө катары эли-журтубуз менен эсенчиликте, тынччылыкта белгилеп жатканыбызга кубанычтамын.

Айтылуу акын Арстанбек атабыз:

“Кабарың күнгө жетсе да, жылдызга колуң жетсе да, эл менен сен бийиксиң, элден чыксаң кийиксиң”, - деп таамай айткандай, биз Нооруз жана Эгемендик майрамдарын аймактардагы элибиз менен бирге майрамдоо максатында ар жылы, ар башка облустарда белгилөөнү салтка айлантканбыз.

Быйыл Нооруз майрамын кыргыз элинде касиеттүү тоолордун бири саналган айтылуу Ала-Мышык тоосунун этегинде, Орто Азиянын күрөө тамыры болгон Нарын дайра сынын жээгинде, Нарын шаарында белгилеп жатабыз.

Бүгүн мен калайык калкыма, жумурай журтума – мүлдө кыргыз элине тынччылык, молчулук, токчулук, ыйман-ырыскы, ынтымак тилеп, абасы кымыз жыттанган, ак мөңгү кемер курчанган алтын бешик Нарындан жалпы кыргызстандыктарды, дүйнөнүн булуң-бурчундагы мекендештеримди, ошондой эле чет элдик элчилерди, дипломатиялык корпус менен эл аралык уюмдардын өкүлдөрүн Нооруз майрамы менен чын дилимден куттуктаймын!

Нооруз майрамыңыздар менен, кымбаттуу кыргызстандыктар!

Урматтуу мекендештер!

​Байыркы таш доорунан бери эле адам баласы мекендеп келген бул касиеттүү Теңир-Тоо жергеси стратегиялык мааниси терең өзгөчө аймак болуп келе жатканы баарыбызга маалым.

​Батыш менен Чыгышты байланыштырып, нечен элдин маданиятын жуурулуштурган Улуу Жибек жолунун боюнда жайгашкан Нарын дубанынын тарыхы тээ түпкүрдө жатат.

Айтылуу “Теке-Секирик” үңкүрү, “Кошой-Коргон” шаар чалдыбары, “Кочкор башы” шаар калдыктары, “Таш-Рабат” кербен сарайы, “Шырдакбектин чеби”, “Кырк чоронун күмбөзү” жана башка тарыхый эстеликтер буга далил.

​Мына ушундай өтмүшү да, бүгүнкүсү менен эртеңкиси да зор мүмкүнчүлүктөр жана жаркын келечек менен байланышкан бул аймактан, тоолорундай бийик, сууларындай шар, "кыргыз" деген атка кыл жугузбай, каада-салтын кымбат тутуп, сактап келе жаткан кутман элдин арасынан чыккан атактуу инсандарды атабай туруп, аларды аттап өтүп кетсем туура эмес болоор.

Батасы журтту байыткан олуязаада Кошой бабабыз, кыргыздын башкы касиети – “Манас” дастанын муундан муунга руханий азык кылып айтып келген Тыныбек Жапый уулу, Сагымбай Орозбаков, Шапак Рысмендеев, Тоголок Молдо сыяктуу залкар манасчылар, Атантай, Тайлак, Качыке, Ормон хан, Ажыбек өңдүү баатырлар, мамлекетти түптөгөн Ишеналы Арабаев, Баялы Исакеев,

Сатыбалды Нааматов аталар, алардан кийинки Турдакун Усубалиевдей мамлекеттик жана саясий ишмерлер, Арстанбек, Молдо Кылычтай даанышман олуялар, Дүрбөлөң Мамбетов, Үсөн Асанов, Асанбек Таабалдиевдей илимпоздор, Муса Баетов, Калый Молдобасанов, Мидин Алыбаев, Эсенгул Ибраев, Мыскал Өмүрканова, Муратбек Рыскулов, Таттыбүбү Турсунбаева, Жумамүдүн Шералиев, Кеңеш Жусупов жана башка көптөгөн маданият менен адабияттын алптарынын киндик кан тамган жери – дал ушул Теңир-Тоо аймагы болот.

Орошон окумуштуу Советбек Байгазиев таамай белгилегендей, бул инсандар – Теңир-Тоонун көркүн чыгарып, алыстан заңкайып көрүнүп турган “рухий тоолор”.

Жеке эле облустун эмес, бүтүндөй Кыргызстандын өнүгүшүнө салым кошкон мындай атактууларды тапкан асыл жерден бүгүнкү күндө да кайра жаралуунун ураанын сүрөп, кыргыз ренес сансын жаратуучулар чыгаарына бөркүмдөй ишенем.

Биздин заманда дагы, айрыкча, дүйнө бир айылга айланып, заманбап технологиялар өнүккөн азыркы ааламдашуу доорунда ташкындаган таланттарга бай Нарын элинин жалпы өлкөгө дагы да таланттарды берээри арбын экенин изги тилек, илгери үмүт менен баса белгилейм.

Урматтуу агайын-туугандар!

​Акыркы беш жыл ичинде Кыргызстанда туруктуулук орноп, өлкө өнүгүү жолуна түшүп, анын ичинде биз турган Нарын облусу дагы куру эмес экендигине эки ооз сөз менен токтоло кетейин.

Облустун ички дүң продукциясы 2020-жылы 18 млрд сомду түзсө, 2025-жылы 40 млрд сомго жетип, өсүү темпи 224 пайызды түздү.

Өзүңүздөр байкагандай, бул - эки эседен ашык өсүш дегенди билдирет.

​Өнөр жай продукциясынын көлөмү беш жыл аралыгында 5,7 эсеге өсүп, 2021-жылы 30 гана ишкана ачылса, 2025-жылы 134 ишкана ишке кирген.

Алардын негизинде кошумча жүздөгөн жумуш орундары түзүлгөн.

​Бүгүнкү күндө облустун курулуш, жол, ирригация жана таза суу тармактарында 21 млрд сомдук жумуштар жүрүп жатат.

​Курулуш тармагында эле учурда 143 курулуш объектиси салынууда.

Соңку беш жылда мектеп, бала бакча, оорукана баштаган жалпысы 51 социалдык объект пайдаланууга берилди.

​Нарында 5 жылда 259 чакырым жолго асфальт төшөлсө, анын 135 чакырымы былтыркы жылы басылды.

Мунун ичинде Нарын шаарынын борбордук көчөсү толугу менен асфальтталды.

Өзүңүздөр билгендей, 2022-жылдан баштап өлкө экономикасынын маанилүү булагы болгон “Кумтөр” алтын кенинин дүң кирешесинен 0,6 пайызы облустун “Теңир-Тоо” өнүктүрүү фондуна түшө баштады.

Бүгүнкү күнгө чейин “Теңир-Тоо” өнүктүрүү фондуна 2 млрд сомго жакын акча каражаты топтолуп, түшкөн каражаттар аймакты өнүктүрүүгө, анын ичинде Нарын облусунда бир катар социалдык жана инфратүзүмдүк долбоорлорго багытталды.

“Теңир Тоо” өнүктүрүү фондунан каржыланган долбоорлордун ичинде Нарын шаарында курулушу жүрүп жаткан ипотекалык турак үйлөр да бар.

Ипотекалык үйлөрдүн басымдуу бөлүгү албетте республикалык бюджеттин каржылоосу менен ишке ашууда.

​Өткөн жылы жеке менин катышуумда “Нарын аэропорту” ишке кирип, аба каттамдары ачылды.

Борборго жумасына 2 жолу учуп барып келүүгө шарт түзүлдү.

Нарын автобекети толугу менен реконструкцияланды.

Турукташтыруу фондуман облуска 2 млрд 382 млн сом бөлүп бердим.

Бүгүнкү күндө ал каражатка Нарын шаарында Кыргызстандын бир да аймагында жок, заманбап үлгүдөгү маданий борбор салынууда.

​Муну менен катар эле соңку беш жылда Нарын облусуна 6 млрд 800 млн сомдук чет элдик инвестиция тартылды.

Теңир-Тоо - энергетикалык дарамети жогору аймак.

Кудай берген Нарын дарыясы турганда облуста энергия булактарын өндүрүүнүн келечеги кең.

Учурда 100 мегаваттык “Куланак” ГЭСинин курулушу жүрүп жатат.

Бул долбоор ишке ашканда аймактын энергетикалык коопсуздугу бекемделип, кошумча кубаттуулук жаралат.

Мындан сырткары, 1200 МВатт электр кубаты өндүрүлө турган Кара-Кече жылуулук электр станциясын куруу боюнча инвестор курулуш иштерин баштады.

Ал эми “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолу салынып бүтсө, аймак үчүн жаңы транзиттик байланыштар ачылат, эл аралык мааниси артат.

Бир эле Нарын облусунун эмес, жалпы Кыргызстандын экономикалык жана логистикалык потенциалы көтөрүлөт.

Долбоор ишке киргенден кийин жүк ташуу убактысы кыйла кыскарып, жаңы рынокторго чыгууга кеңири мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Европа менен Кытайдын ортосунда азыр биз туюк өлкөдө жашап жаткан болсок, темир жол бүтөөрү менен биз, транзиттик өлкөгө айланабыз.

Бул темир жол болжол менен 2030-жылы бүтөт деп турабыз.

Темир жол салынган аймактарда инфратүзүмдүк ишмердикти өнүктүрүү жана жергиликтүү экономиканы интеграциялоо үчүн соода-логистикалык борборлорду куруу – учур талабы!

Бүгүнкү күндө түндүк менен түштүктү бириктирген ички темир жолубуз Кочкорго чейин жетип калды.

Кудай буюрса келечекте Кара-Кечеге, андан ары Махмалга чейин жеткирип, түндүк-түштүктү темир жол менен дагы байланыштырабыз.

Темир жол инфратүзүмүнүн өнүгүшү менен ички байланыштар бекемделип, облустагы башка тармактардын: өнөр жайдын, айыл чарбанын, туризмдин өсүшүнө да оң таасирин тийгизет.

Ошентип бүгүнкү күндө стратегиялык аймак болуп саналган Теңир-Тоо өрөөнүнүн келечеги кенен деп айтууга толук негиз бар.

Мына ушундай аракеттер менен Теңир-Тоо аймагынын экономикасын көтөрүүгө, өндүрүш ишканаларын ачууга, аймактардын инфратүзүмүн жакшыртууга, жолдорду оңдоого, элибизге ыңгайлуу шарттарды түзүп берүүгө жумшаган аракетибиз жылдан жылга жемишин берип жатканына өзүңүздөр дагы күбө болуп жатасыздар.

Урматтуу мекендештер!

Мал киндиктүү Нарын облусунда айыл чарбасы – артыкчылык берилген тармак болуп саналгандыктан, облустун айыл чарбасына өзүнчө токтолуп кетпесем болбос.

Мал чарбачылыгы: эт жана сүт өндүрүшү облустун экономикасынын өзөгүн түзөт.

Кудайга шүгүр, акыркы жылдары малдын саны көбөйүп, өндүрүш көлөмү артты.

Облуста эт, сүт, бал, тоют жана мөмө-жемиш кластерлерин түзүү багытында жалпы суммасы 2 млрд сомго жакын долбоорлор ишке ашырылып жатат.

Айрыкча, Нарындын балы Сауд Арабия, Казакстан, Кытай, Россия жана Япония мамлекеттерине экспорттолуп жаткандыгын сыймыктануу менен айта кетишибиз абзел.

Тоолуу өрөөн, кокту сайын суу түшкөн аймак болгону менен, облуста сугат суу менен камсыздоодо дагы көйгөйлөр болуп келген.

Бул жаатта соңку беш жылда ирригация тармагында 3 млрд сомго жакын иштер аткарылды.

Анын алкагында каналдар оңдоп-түзөлүп, бетондолду.

Ошондой эле гидротехникалык станциялар, гидропосттор, насостук станциялар ремонттолду.

Жумгалдагы Түгөл-Сай суу сактагычы менен Кочкордогу Шамшы БДРин быйыл ишке берели деп турабыз.

Мунун натыйжасында 4294 гектар жерге сугат суусун берүү жакшырат, ал эми 3306 гектар жаңы сугат жери өздөштүрүлөт.

Мына ушундай колдоолор болуп турган шартта Нарынга өз кесибинин устасы жана дасыккан менеджерлер керек болуп турат.

Бул жерде олтурган аксакалдардын эсинде болсо керек, 1960-1980-жылдары мамлекет Корчубек Акназаровду атайын шарты катаал, абалы оор делген Ак-Талаа, Жумгал жана Кочкор райондорун жетектөөгө жиберип, натыйжада айыл чарбасы абдан жакшы жолго коюлган.

Корчубек Акназаров, Кадыракун Базарбаев сыяктуу иштин көзүн билген дасыккан кесипкөйлөрдүн жолун улай, шарты катаал бул аймактын айыл чарбасын оңдоого дараметим жетет деген эр-азаматтар болсо мамлекет ар тараптан колдоого даярбыз.

Биздин максатыбыз – бул тоолуу аймакты агрардык-өнөр жай жактан күчтүү аймакка айландыруу, кайра иштетүү тармагын өнүктүрүү жана экспорттук потенциалды кеңейтүү болуп саналат.

Аткарылган иштер менен аткара турган иштерибиз да көп.

Нарындагы көйгөйлөрдүн дээрлик баарын билем.

Облустагы өкүл сиздердин көйгөйлөрдү мага жеткирип турат.

Бирок бардыгын бир убакта чечүү мүмкүн эмес экен.

Албетте, негизгилерин четинен чечип келе жатабыз.

Кудай буюрса, биз биргелешкен аракет менен Нарын облусун Улуу Жибек жолундагы жаңы транзиттик байланыштар ачылган, экономиканы интеграциялоо үчүн соода-логистикалык борборлору курулган,

экологиялык жактан таза азыктары менен таанылган, тоо туризми менен даңазаланган аймакка айландырабыз.

Натыйжада жалпы Кыргызстаныбыздын жаркын келечегине дагы бир даңгыр жол чабабыз.

Урматтуу мекендештер!

Бүгүнкү күндө дүйнө жүзүндө, айрым мамлекеттердин чек араларында болуп жаткан окуялардын фонунда, Кудайга шүгүр, Кыргызстанда туруктуулук орноп, чек араларыбыз толук чечилип, өнүгүү жолуна түштүк.

Калайык-калкыбыз багыт алган курсубузду колдоп-коштоп, эл менен бийлик эриш-аркак жаңы Кыргызстанды курууга белсендик.

Ийгиликтердин башаты – биримдикте,

ынтымакта жана туруктуулукта.

Кыргызстандын кубаттуу өлкөгө айланышы үчүн эң ириде аң-сезимибизде бурулуш жасап, мекенчил болууга, илим-билим алууга жана мамлекеттин экономикасынкүчтөөгө жан үрөшүбүз керек.

Мынакей, ИДПнын өсүү темпин 11% деңгээлинде кармап, консолидацияланган бюджетибизди 1,1 триллион сомго жеткирип алдык.

Мындай темпти бекем кармоо менен бирге, элибизди жумуш менен камсыздоо салтын улай, быйыл дагы 100 өндүрүш мекемесин курууну максат коюп, курулуш иштерин баштадык.

Ал эми турак жайга муктаж мекендештерибизди мамлекеттик ипотекалык негизде үй менен камсыздоо максатында он миңдеген турак жайлар курулуп жатканына өзүңүздөр күбөсүздөр.

​Быйыл мына ушул сыяктуу иш-мерчемдерибиз менен бирге, эл аралык карым-катнашты чыңдоо максатында Шанхай кызматташтык уюмунун жыйыны Кыргызстанда өткөрүлгөнү турат.

Ошондой эле, глобалдык чакырыктар боюнча эл аралык диалогду тереңдетүүгө багытталган "Ысык-Көл форумуна" атактуу окумуштуулар, белгилүү ойчулдар жана VI-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына дүйнөнүн чар тарабынан меймандар, туристтер келет.

Бүгүнкүдөй чоң-чоң майрамдарда “Мындай эл аралык ири иш-чараларды биргеликте ийгиликтүү өткөрүп алалы” деп тилек катары айтып келатам.

Буюрса, сүйүктүү Кыргызстаныбызды дүйнөгө дагы бир ирет дүңгүрөтө таанытып, “бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгара” ынтымагыбызды көрсөтөлү.

Ардактуу кыргызстандыктар!

Абалтадан бүгүнкү күнүбүзгө чейин Нооруздун символуна айланган сүмөлөктүн өзөгүн өнгөн буудай түзөт эмеспи.

Ал эми өнгөн буудай болсо элибизде

жаңырган жашоонун белгиси катары кабылданат.

Демек, Нооруз – өнүгүүнүн, жаңылануунун жана биримдиктин майрамы.

Нооруз Кыргызстанда улутуна карабастан, бардык мекендештерибиз тарабынан эң сүйүктүү жана аздектелген чыныгы улуттук майрамга айланганына биз, албетте, сыймыктанабыз.

Дал ушул күндөрү биздин берекелүү жергебизде этностор аралык достук, өз ара сый-урмат көрүнүп турат.

Мекен чеги башталган Баткенибиз менен ордолуу Ошубузда, жаштардын шаары атыккан Жалал-Абадыбыз менен Айкөл Манас атабыз жердеген Таласыбызда, берекелүү Сары-Өзөн Чүйүбүз менен касиеттүү Ысык-Көлүбүздө жана нарк билги,

намысы бийик Нарыныбызда биримдигибиз бекем болсо береке болот, ынтымагыбыз болсо ырыс толот.

Өлкөбүздө туруктуулук орноп, өнүгүүгө бет алганы элдин бийликке болгон ишеними артты, өзөгүбүзгө кайтып, уңгужолубузга түштүк.

Эми “Эмгектен адам көгөрөт” дегендей, жаз алды менен жалпыбыз кайсы тармакта болбосун, жапырт эмгектенели, бир иштин өтөөсүнө чыга жаратман иш жасайлы.

Жети облусубуз өз артыкчылыктары менен мамлекетибиздин алдыга жылышына салым кошолу.

Жаңы Кыргызстанды куруу жолундагы биздин эң негизги күчүбүз – бул эмгекти сүйгөн, өнүгүүгө умтулган, мекенчил журтубуздун биримдиги менен ынтымагы.

Мына ушундай бир муштумдай түйүлгөн жети дубан элибизге таянуу менен социалдык адилеттүүлүк принциптерин туу тутуп, калктын жашоо деңгээлин жогорулатуу багытында алдыга ишенимдүү жыла берели.

Улустун Улуу күнүндө айтылган бардык тилектерибиз кабыл болсун!

Дыйкандар эмгегинен баар таап, мол түшүм алсын, агартуучуларыбыздын акыбети кайтып, жаштарыбыздын билими артсын, алтын колдуу дарыгерлерибиздин шыпаасы тийип, бейтаптар сакайып чыксын, мамлекеттик кызматтагылар калк көйгөйүн чечип, элдин алкышына арзысын.

Кыргызстаныбыз өсүп-өнүгө берсин!

Нооруз майрамыбыз кут болсун!”.   

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»