АКИpress - Кыргызстан боюнча 22-мартка карата аба ырайынын божомолу.
Кыргызгидромет билдиргендей, түнкүсүн Ош, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар, тоолуу аймактарда кар жаап, калган аймактарда жаан-чачынсыз болот.
Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу аймактарда кар жаап, Чүй, Талас, Ысык-Көл облустары жаан-чачынсыз болот.
Абанын температурасы:
Чүй облусу:
түнкүсүн 0...+5
күндүз +16...+21
Талас облусу:
түнкүсүн 0...+5
күндүз +13...+18
Баткен облусу:
түнкүсүн +3...+8
күндүз +17...+22
Ош, Жалал-Абад облустары:
түнкүсүн +3...+8
күндүз +17...+22
Ысык-Көл облусу:
түнкүсүн -4...+1
күндүз +9...+14
Нарын облусу:
түнкүсүн -3...-8
күндүз +4...+9.
Бишкекте жаан-чачынсыз. Түнкүсүн абанын эң төмөнкү температурасы +3...+5°, күндүз эң жогорку температура +17...+19° болот.
Чолпон-Атада жаан-чачынсыз. Түнкүсүн абанын эң төмөнкү температурасы -1...+1°, күндүз эң жогорку температура +9...+11° болот.