05:51, 22-март, 2026

Садыр Жапаров Нарын облусун өнүктүрүү пландары менен таанышты 

На русском
20:28, 21-март, 2026 562

АКИpress - Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-мартта Нарын облусунун өнүгүү пландары менен таанышты. 

Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурбек Сатаров негизги тармактарда жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди.

Ал сугат инфраструктурасын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатканын билдирди. Жумгал районунда "Түгөл-Сай" жана Кочкор районунда "Шамшы" суу сактагычтары, ошондой эле Нарын районунда "Куланак" каналы курулууда. Бул долбоорлорду ишке ашыруу сугат жерлеринин аянтын кеңейтүүгө жана айыл чарбасынын натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет.

Буга катарлаш калкты таза суу менен камсыз кылуу боюнча долбоорлор да ишке ашырылууда. Ар кандай программалардын алкагында ондогон калктуу пункттар камтылып, анын аркасында аймакта таза суу менен камсыз болуу деңгээли 85 пайыздан ашты. 

Курулуш тармагында социалдык объектилерди, анын ичинде мектептерди, спорт залдарды жана административдик имараттарды куруу жана капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. Объекттердин бир бөлүгү ишке берилди, калганы жакынкы аралыкта бүткөрүлөт. Өткөн жылы 15 объект ишке киргизилген. Алар алты мектеп, спорт зал жана сегиз ишкана. Учурда 46 объекттин курулушу жүрүп жатат.

Мындан тышкары, энергетика тармагында, анын ичинде гидроэлектростанцияларды, ошондой эле  региондун энергетикалык потенциалын өнүктүрүүгө жана жумуш орундарын түзүүгө багытталган күн жана шамал электр станцияларын куруу боюнча жаңы инвестициялык долбоорлор ишке ашырылууда. 

Садыр Жапаров сунушталган долбоорлорду жалпысынан колдоп, Нарын облусунун өнүгүшү системалуу жана алдыга умтулган мүнөздө болушу керектигин, жакынкы келечекте калк үчүн конкреттүү жана сезилерлик натыйжалар болушу керектигин  белгиледи. 

Мамлекет башчысы азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуунун жана агрардык сектордун туруктуу өсүшүнүн негизги фактору катары ирригациялык жана сугат инфраструктурасын өнүктүрүүгө артыкчылыктуу көңүл бурууну, ошондой эле мурда башталган объектилерди сөзсүз түрдө аяктоону тапшырды.

Жол инфраструктурасы боюнча өткөн жылдагыдан кем эмес көлөмдө автомобиль жолдорун курууну жана реконструкциялоону белгиленген мөөнөттөрдү жана сапат стандарттарын сактоо менен камсыз кылуу милдети коюлду. 

Курулуш тармагында президент ишке ашыруу мөөнөтү узакка созулган бардык объектилер, анын ичинде он жылдан ашык убакыттан бери ишке ашырылып жаткан объектилер боюнча маалыматты укту. Мамлекет башчысы белгиленген мөөнөттөрдү катуу сактоо зарылдыгын белгилеп, бардык ушундай объектилерди эки жылдын ичинде жетекчилердин жеке жоопкерчилиги менен аяктоо милдетин койду.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»