03:14, 23-март, 2026

Сүрөт – «Ала-Тоо» аянтында өткөн Нооруз концертинен көз ирмем

На русском
18:17, 22-март, 2026 364

АКИpress - 21-март күнү кечинде Бишкектеги борбордук «Ала-Тоо» аянтында салтанаттуу концерт өттү.

Шаардын мэри Айбек Жунушалиев борбор калаанын тургундарын жана конокторун  куттуктады.

Концерттик программа хореографиялык жана музыкалык номурларды камтыды. Сахнада «Береке», «Mob dance» жана «The new generation» бий жамааттары чыгып, улуттук жана заманбап стилдеги бийлерди тартуулашты.

Ошондой эле Бегимай Турусбекова, Суран Садыбакасов, Чолпон Талипбек, Калыс Жакыпов, Толгонай Арзыкеева, Аваз Акимов жана Айдана Дека, Актан Исабаев, Ырыскелди Осмонкулов, Гүлжигит Калыков, Ильяз Андаш, Азамат Токтокадыров, Биржан Байбол, Гүлнур Сатылганова, Бек Исраилов, Азат Раимбердиев, Малика Дина, Омар жана башка аткаруучулардын композициялары жаңырды.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»