07:05, 24-март, 2026
Учурда окулуп жатат
21:58, 23-март, 2026 (4 адам окуп жатат)
Октябрь районунун акими алмашты
22:01, 23-март, 2026 (4 адам окуп жатат)
Бишкекте «Тазалыкка» жаңы жетекчи дайындалды
08:31, 23-март, 2026 (3 адам окуп жатат)
Доллардын жуманын башындагы баасы

Бишкекте жылуулук берүү качан токтой турганы айтылды

На русском
17:18, 23-март, 2026 777

АКИpress - Бүгүн, 23-мартта Бишкек шаарынын мэринин орун басары Нургазы Курманбековдун төрагалыгы алдында  жылытуу мезгилин аяктоо маселеси боюнча  штабдын жыйыны болуп өттү.

Анын жыйынтыгында 25-мартта жылытуу мезгилин аяктоо чечими кабыл алынды.

Мындан тышкары 1-апрелден 10-майга чейин профилактикалык жана оңдоо иштерин жүргүзүү үчүн ысык суу берүү убактылуу токтотулат.

Жылытуу мезгили аяктагандан кийин муниципалдык кызматтар кийинки жылытуу сезонуна даярдык иштерин башташат, анын ичинде оңдоо жана профилактикалык иштер жүргүзүлөт.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»