11:38, 31-март, 2026
Учурда окулуп жатат
11:22, 31-март, 2026 (21 адам окуп жатат)
Илияз Ташбаев Москва районунун жаңы акими болду
11:29, 31-март, 2026 (13 адам окуп жатат)
Нарынга жаңы мэр дайындалды

Чет өлкөдөн айыл чарба техникасын алып келип берем деп алдаган шектүү кармалды

На русском
17:29, 30-март, 2026 520

АКИpress - Бишкек шаарында алдамчылыкка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирди.

27-февралда милицияга арыз түшкөн. Жабырлануучунун айтымында, 2025-жылдын 19-декабрында ал чет өлкөдөн айыл чарба техникасын алып келип берүүнү убада кылган С.Л. аттуу жаранга ири суммадагы акча берген. Бирок акчаны алган жаран ошол бойдон качып кеткен.

Бул факт Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен катталып, 1992-жылы туулган шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө жүрүп жатат.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»