04:55, 31-март, 2026

Эмен сейил багынын реконструкциясы апрель айында башталат

На русском
18:14, 30-март, 2026 494

АКИpress - Бишкектин Биринчи май районундагы Ч. Айтматов атындагы эмен сейил багынын реконструкциясы боюнча көчмө жыйын өткөнүн акимиаттан маалымдашты.

Район башчысы Сарылбек уулу Улан аймактын абалы менен таанышып, алдыдагы көрктөндүрүү иштерин талкуулады. Жыйынга район башчысынын орун басары Байысов А.М., «Тазалык» жана «Бишкек жашыл курулуш» муниципалдык ишканаларынын өкүлдөрү катышты.

Көчмө жыйында район башчы тарабынан сейил бакты комплекстүү жаңылоого багытталган бир катар тапшырмалар берилди. Атап айтканда, брусчатканы алмаштыруу, бактарды отургузуу, жашыл аянттарды кеңейтүү, оргуманы реконструкциялоо, отургучтарды орнотуу жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн пандустарды жасоо иштери каралган.

Маалыматка ылайык, реконструкция иштери апрелдин биринчи жарымында башталат.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»