01:56, 31-март, 2026

«Кыргызстан улуттук электр тармактарынын» Чүйдөгү ишканасынын кызматкерлери менен жетекчилери кармалды

На русском
20:36, 30-март, 2026 774

АКИpress - «Кыргызстан улуттук электр тармактары» ААКсынын Чүй электр тармактар ишканасынын жетекчи кызматкерлери коррупция жана мыйзамсыз акча чогултууга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ишкананын айрым кызматкерлери тарабынан системалуу түрдө мыйзамсыз акча чогултулганы аныкталган.

Атайын кызматтын билдиришинче, 2026-жылдын 27-мартында сотко чейинки өндүрүш боюнча, КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пунктунда каралган кылмыштын белгилери менен иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, 70 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан учурда компаниянын Аламүдүн районунун Лебединовка боюнча бөлүм башчысы Ж.Э.Ж. аттуу кызматкер, ошондой эле инспекторлор К.А.Ж. жана М.А.М. кармалып, тергөө абагына киргизилди.

Учурда ушундай сыяктуу фактыларды жана башка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча кошумча ыкчам-иликтөө иш-чаралары уланууда.

 

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»