03:27, 31-март, 2026

Бишкекте мамлекеттик автомектеп жана айдоочулук күбөлүк алуу үчүн теориялык сынак тапшырыла турган жай ачылды

На русском
20:42, 30-март, 2026 637

АКИpress - 30-мартта Бишкекте «Жол кыймылына уруксат берүү институту» мамлекеттик ишканасынын ачылышы өттү. Бул ишкананын негизинде айдоочулук күбөлүк алуу үчүн теориялык сынактар тапшырылат, ошондой эле мамлекеттик автомектепте онлайн окутуу уюштурулган.

Иш-чарага президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев, анын биринчи орун басары Бообек Салимжанов жана ишкананын жетекчилиги катышты.

Борбордун биринчи кабатында сынак алына турган 6 бөлмө жабдылган. Сынактар жасалма интеллект технологияларын колдонуу менен, ошондой эле видеобайкоо алдында өткөрүлөт. Имаратта сынак тапшыруу алдында жеке буюмдарды жана техникаларды сактоо үчүн атайын текчелер каралган.

Белгиленгендей, борбор Бишкектин тургундары гана эмес, аймактардан келген жарандар үчүн да сынак кабыл алууга жарайт. Мында практикалык бөлүгүн теорияны кайсы жерден өткөндүгү боюнча ошол эле жерден тапшыруу талап кылынат.

Экинчи кабатында мамлекеттик автомектеп жайгашкан. Окутуу онлайн форматта жүргүзүлөт, сабактарды окутуучу жана ассистент алып барат. Курстар эки тилде жеткиликтүү, ал эми окутуунун узактыгы 10 айды түзөт.

Окууга төлөө жана арыз берүү «Түндүк» системасы аркылуу ишке ашырылат. Окутуунун баасы, Салимжановдун айтмында, окутуунун бүткүл мезгилине 19 миң сомду түзөт.

Институттун директору Авазбек Шүгүрбеков айдоочуларды даярдоонун сапаты, бүтүрүүчүлөрдүн саны эмес, иштин артыкчылыктуу багыты экендигин белгиледи.

Автомектептерге жазылуу алдында ал курсанттарды окутуу шарттары менен таанышып чыгууга чакырды.

Келечекте өлкөнүн башка аймактарында ушундай борборлорду ачуу пландалууда.

Борбор Горький көчөсү, 142 дарегинде жайгашкан.

 

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»