03:34, 2-апрель, 2026

Бишкек мэриясы 625 кичи автобус сатып алууну пландап жатат

На русском
17:34, 1-апрель, 2026 248

АКИpress - Бишкек шаарынын мэриясында автобус өндүрүүчү компаниялардын өкүлдөрү менен жыйын өттү.

Анын жүрүшүндө катышуучуларга сатып алуу пландалып жаткан автобустардын техникалык мүнөздөмөлөрү жана коюлган талаптар тааныштырылды. Тактап айтканда, тар көчөлөрдө эффективдүү жүрө ала турган 625 даана кичи автобус сатып алуу маселеси каралууда.

Муниципалитет баа менен сапатка, ошондой эле коопсуздук, экологиялык талаптар жана шаар тургундары менен коноктору үчүн ыңгайлуулук сыяктуу заманбап стандарттарга көңүл бурарын белгиледи.

Жыйынга 12ден ашуун автобус өндүрүүчү компаниялардын өкүлдөрү катышты. Алар кызыктырган суроолорду берип, алдыдагы сатып алуу боюнча түшүндүрмө алышты.

Жыйынтыгында компанияларга коммерциялык сунуштарын даярдоо үчүн убакыт берүү чечими кабыл алынды.

Коммерциялык сунуштар алынгандан кийин Транспорт жана жол-транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү департаментинин адистери аларды талдап чыгып, анын негизинде автобустардын конкреттүү модели тандалат.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»