05:03, 2-апрель, 2026

Жыл башынан бери батирлердин баасы арзандап, жер үйлөр кымбаттап жатат, - агенттик

На русском
17:59, 1-апрель, 2026 1078

АКИpress - 2026-жылдын башынан бери Кыргызстанда батирлердин чарчы метринин баасы арзандап, ал эми турак үйлөрдүн баасы өсүп жатат. Бул тууралуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин кадастрдык баалоо секторунун башкы адиси Айдар Сулайманбаев радионун эфиринде билдирди.

Анын айтымында, турак-жай бааларындагы өзгөрүүлөр калк үчүн актуалдуу маселе бойдон калууда.

Мамлекеттик агенттик ай сайын кыймылсыз мүлктүн чарчы метринин наркын талдап турат. Жыл башынан бери батирлердин баасынын төмөндөшү катталды, ал эми турак үйлөрдүн наркынын кымбатташы байкалууда.

Бишкекте батирлердин баасы 2025-жылдын январь-февралына салыштырмалуу 11%га төмөндөгөн. Ал эми жер үйлөрдүн наркы 17-18%га өскөн.

Батирлердин баасынын төмөндөшү өлкөнүн башка аймактарында да байкалууда:

    •    Баткенде — 11%;

    •    Жалал-Абадда — болжол менен 11%;

    •    Ошто — 3,6%;

    •    Балыкчыда — 20%.

Мурда баалардын өсүшү катталган Караколдо 2026-жылдын январь-февраль айларында батирлер 28%га арзандаган. Мындан тышкары:

    •    Чолпон-Атада — 16%;

    •    Кадамжайда — 14%;

    •    Нарында — 2,93%;

    •    Таласта — 30%;

    •    Токмокто — 2,6%;

    •    Чүй облусунун шаарларында — 3–5%;

    •    Аламүдүн районунда — 5%г арзандаган.

Өлкө боюнча жер үйлөрдүн баасынын өсүшү катталган. Бишкекте райондор боюнча динамика айырмаланат:

    •    Ленин районунда — 23%;

    •    Биринчи май районунда — 26%;

    •    Октябрь районунда — 1,2%га;

    •    Свердлов районунда да — өсүш бар.

Адистин айтымында, Свердлов районунда жер үйлөр көп сатылып, бул жалпы көрсөткүчкө 48–49%га таасирин тийгизген.

Сулайманбаев баалардын калыптанышына инфраструктуранын өнүгүү деңгээли, жайгашкан орду, суроо-талап, ошондой эле курулуш материалдарынын наркынын жана курулуш тармагындагы эмгек акынын өсүшү сыяктуу бир катар факторлор таасирин тийгизерин белгиледи.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»