00:32, 9-апрель, 2026
Учурда окулуп жатат
11:32, 8-апрель, 2026 (10 адам окуп жатат)
№19 округ боюнча бош калган мандат кимге өтөт?
21:45, 8-апрель, 2026 (4 адам окуп жатат)
Улуттук фтизиатрия борборунун директору алмашты
13:37, 7-апрель, 2026 (3 адам окуп жатат)
Эрк Орозбаев Таш-Көмүрдүн мэри болду
13:35, 7-апрель, 2026 (2 адам окуп жатат)
Таш-Көмүрдүн мэри кызматтан бошотулду

АКШ менен Израил Ирандын Харк аралына сокку урду

На русском
17:57, 7-апрель, 2026 1267

АКИpress - Ирандын мунайынын 90 пайызы экспорттолуучу Харк аралында бир нече жардыруу болду. Соккуларды АКШ жана Израилдин куралдуу күчтөрү жасады. Бул тууралуу  Ирандын «Mehr» агенттиги жазды.

«Америкалык-сионисттик душман Харк аралына бир нече жолу чабуул жасап, аралда бир катар жардыруулардын үндөрү угулду», - деп билдирет агенттик. Аралдагы кайсы объектилер чабуулга кабылганы азырынча белгисиз.

Мунун артынан Ислам революциясынын сакчылар корпусу (Ирандагы элиталык күч түзүмү) эгерде америкалык террордук армия кызыл сызыктан өтө турган болсо, жооп кайтаруу аймактын чегинен чыгып кетет деп билдирди.

8-апрелге караган түнү АКШ президенти Дональд Трамптын Иранга Ормуз кысыгын ачуу үчүн берген мөөнөтү аяктайт. Трамп Иранды бир түндө эле талкалап коюуга болорун жана ошол түн 8-апрелге караган түн болуп калышы мүмкүн экенин айткан.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»