АКИpress - Бишкекте өткөн грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионатында Афтандил Таалайбек уулу 1-орунду ээледи.
Ал 63 кг салмак категориясында 1/4 финалдан баштаган. Биринчи япониялык спортчуну жеңип, жарым финалда түркмөнстандык балбанды уткан.
7-апрелде финалда Таалайбек уулу ирандык спортчуну 7:2 эсебинде жеңип, бул салмак категорияда Азиянын жаңы чемпиону болду.
Беттештер:
1/4 финал
Каисеи Танабе (Япония) - Афтандил Таалайбек уулу — 3:4
Жарым финал
Азатжан Ачилов (Түркмөнстан) - Афтандил Таалайбек уулу — 0:10
Финал
Афтандил Таалайбек уулу - Эрфан Жаркани (Иран) — 7:2