09:50, 9-апрель, 2026
Учурда окулуп жатат
09:25, 9-апрель, 2026 (14 адам окуп жатат)
Иран кайрадан Ормуз кысыгын жапты
09:33, 9-апрель, 2026 (10 адам окуп жатат)
Балыкчыда жеке нотариус кармалды
08:31, 9-апрель, 2026 (6 адам окуп жатат)
Доллар менен рубль канча сомго сатылып жатат?
11:32, 8-апрель, 2026 (6 адам окуп жатат)
№19 округ боюнча бош калган мандат кимге өтөт?

Балбан Асан Жанышов Азия чемпиону болду

На русском
22:11, 7-апрель, 2026 752

АКИpress - Кыргызстандык спортчу Асан Жанышов Бишкекте өткөн грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионатында алтын медалга ээ болду.

Кыргызстандык балбан 87 кг салмак категориясында мелдешип, 1/4 финалдан баштады.

Турнирдеги алгачкы беттешинде 30 секундада түркмөнстандык спортчуну, ал эми финалга чыгуу үчүн казакстандык спортчуну жеңди.

Финалда Жанышов Ирандын өкүлү менен беттешип, Азиянын чемпиону аталды.

Бул медаль Кыргызстан үчүн турнирдеги үчүнчү алтын болду. Ага чейин алтын медалды Афтандил Таалайбек уулу жана Акжол Махмудов алышты.

Беттештер:

1/4 финал

Асан Жанышов - Довлетмурат Байрамов (Түркмөнстан) — 10:0

Жарым финал

Асан Жанышов - Нурсултан Турсунов (Казакстан) — 8:0

Финал

Асан Жанышов - Голамреза Фарокхисенжани (Иран) — 11:4

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»