АКИpress - Кыргызстандык спортчу Асан Жанышов Бишкекте өткөн грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионатында алтын медалга ээ болду.
Кыргызстандык балбан 87 кг салмак категориясында мелдешип, 1/4 финалдан баштады.
Турнирдеги алгачкы беттешинде 30 секундада түркмөнстандык спортчуну, ал эми финалга чыгуу үчүн казакстандык спортчуну жеңди.
Финалда Жанышов Ирандын өкүлү менен беттешип, Азиянын чемпиону аталды.
Бул медаль Кыргызстан үчүн турнирдеги үчүнчү алтын болду. Ага чейин алтын медалды Афтандил Таалайбек уулу жана Акжол Махмудов алышты.
Беттештер:
1/4 финал
Асан Жанышов - Довлетмурат Байрамов (Түркмөнстан) — 10:0
Жарым финал
Асан Жанышов - Нурсултан Турсунов (Казакстан) — 8:0
Финал
Асан Жанышов - Голамреза Фарокхисенжани (Иран) — 11:4