09:50, 10-апрель, 2026
Учурда окулуп жатат
09:23, 10-апрель, 2026 (517 адам окуп жатат)
Эдуард Кубатов кызматка дайындалды
09:03, 10-апрель, 2026 (231 адам окуп жатат)
Садыр Жапаров Ош облусуна барат
11:32, 8-апрель, 2026 (216 адам окуп жатат)
№19 округ боюнча бош калган мандат кимге өтөт?
11:54, 9-апрель, 2026 (41 адам окуп жатат)
Эдил Байсалов кызматтан кетип жатат
15:00, 8-апрель, 2026 (33 адам окуп жатат)
Эсептөө палатасынын жаңы аудиторлору шайланды

Жактоочу ири суммадагы алдамчылыкка шектелип кармалды, - УКМК

На русском
19:12, 9-апрель, 2026 769

АКИpress - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) ири өлчөмдө алдамчылыкка шектелип жактоочу кармалганын билдирди.

Маалыматка ылайык, А.М.Р. аттуу жактоочу М.У.М. аттуу жаранды алдап, анын А.М.М. аттуу атасына карата козголгон кылмыш ишин токтотууга жана аны камактан бошотууга жардам берүүнү убада кылган. Көрсөтүлгөн кызмат үчүн ал 15 миң доллар жана 200 миң сом алган.

Кийинчерээк, белгиленгендей, жактоочу өзүнө алган милдеттемелерин аткарбай, алынган каражаттарды толук кайтарып берген эмес. Жабырлануучуга 5 миң доллар гана кайтарылып берилген, калган сумма — 10 миң доллар жана 200 миң сом чыгым бойдон калган.

Бул факт боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пункту (алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон. 2026-жылдын 9-апрелинде жактоочу кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда зарыл болгон тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»