11:08, 10-апрель, 2026
Учурда окулуп жатат
09:23, 10-апрель, 2026 (242 адам окуп жатат)
Эдуард Кубатов кызматка дайындалды
11:32, 8-апрель, 2026 (98 адам окуп жатат)
№19 округ боюнча бош калган мандат кимге өтөт?
10:35, 10-апрель, 2026 (32 адам окуп жатат)
Жетекчи болгон Эдуард Кубатов тууралуу эмне белгилүү?
10:40, 10-апрель, 2026 (15 адам окуп жатат)
Президент Садыр Жапаров Ош шаарына келди. Видео

Мээрим Жуманазарова Азия чемпионатында алтын утту

На русском
20:31, 9-апрель, 2026 957

АКИpress - Мээрим Жуманазарова Бишкекте өткөн күрөш боюнча Азия чемпионатында алтын медаль утту.

Ал 68 кг салмак категориясында ат салышып, чейрек финалдан баштаган.

Биринчи беттеште кыргызстандык спортчу Вьетнамдан келген балбанды жеңип, жарым финалда дүйнөлүк рейтингде төртүнчү орунда турган, Азиянын учурдагы чемпиону жана 2025-жылдагы дүйнө чемпионатынын коло медалынын ээси болгон Кытайдын спортчусун утуп алды.

8-апрелде алтын медаль үчүн болгон беттеште Жуманазарова 65 кг салмак категориясында дүйнөлүк рейтингдин лидери, Азиянын жана дүйнөнүн учурдагы чемпиону, Япониялык Мива Морикава менен килемге чыкты.

Кыргызстандык балбан беттешти ишенимдүү өткөрүп, жеңишке жетишип, бул салмак категориясында Азиянын чемпиону болду.

Бул медаль Кыргызстан үчүн мекендеги турнирде бешинчи, ал эми кыз-келиндер курамасы үчүн биринчи болду.

68 кг чейин

Чейрек финал

Мээрим Жуманазарова - Тхи Линь Данг (Вьетнам) — 11:0

Жарым финал

Мээрим Жуманазарова - Зэлу Ли (Кытай) — 1:1, Жуманазарованын жеңиши

Финал

Мээрим Жуманазарова - Мива Морикава (Япония) — 2:1

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»