14:08, 10-апрель, 2026
Учурда окулуп жатат
14:02, 10-апрель, 2026 (19 адам окуп жатат)
6 күндөн бери изделген өспүрүмдүн сөөгү табылды
13:31, 10-апрель, 2026 (17 адам окуп жатат)
УКМКнын 3 кызматкери кармалды
09:23, 10-апрель, 2026 (6 адам окуп жатат)
Эдуард Кубатов кызматка дайындалды

Мээрим Жуманазарова Азия чемпионатында алтын утту

На русском
20:31, 9-апрель, 2026 1001

АКИpress - Мээрим Жуманазарова Бишкекте өткөн күрөш боюнча Азия чемпионатында алтын медаль утту.

Ал 68 кг салмак категориясында ат салышып, чейрек финалдан баштаган.

Биринчи беттеште кыргызстандык спортчу Вьетнамдан келген балбанды жеңип, жарым финалда дүйнөлүк рейтингде төртүнчү орунда турган, Азиянын учурдагы чемпиону жана 2025-жылдагы дүйнө чемпионатынын коло медалынын ээси болгон Кытайдын спортчусун утуп алды.

8-апрелде алтын медаль үчүн болгон беттеште Жуманазарова 65 кг салмак категориясында дүйнөлүк рейтингдин лидери, Азиянын жана дүйнөнүн учурдагы чемпиону, Япониялык Мива Морикава менен килемге чыкты.

Кыргызстандык балбан беттешти ишенимдүү өткөрүп, жеңишке жетишип, бул салмак категориясында Азиянын чемпиону болду.

Бул медаль Кыргызстан үчүн мекендеги турнирде бешинчи, ал эми кыз-келиндер курамасы үчүн биринчи болду.

68 кг чейин

Чейрек финал

Мээрим Жуманазарова - Тхи Линь Данг (Вьетнам) — 11:0

Жарым финал

Мээрим Жуманазарова - Зэлу Ли (Кытай) — 1:1, Жуманазарованын жеңиши

Финал

Мээрим Жуманазарова - Мива Морикава (Япония) — 2:1

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»