03:35, 10-апрель, 2026
Учурда окулуп жатат
08:07, 9-апрель, 2026 (5 адам окуп жатат)
16 жаштагы Касиет Субанова изделүүдө
09:25, 9-апрель, 2026 (4 адам окуп жатат)
Иран кайрадан Ормуз кысыгын жапты
08:31, 9-апрель, 2026 (2 адам окуп жатат)
Доллар менен рубль канча сомго сатылып жатат?

Чагымчыл мазмундагы материалды таратууга шектелген жаран кармалды

На русском
20:48, 9-апрель, 2026 507

АКИpress - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) «TikTok′тун» колдонуучусу кармалганын  кабарлады. Ал бийликти күч менен басып алууга чакырыктар камтылган материалдарды жайылткан деп шектелүүдө.

Маалыматка ылайык, 9-апрелде КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренесинин 2-бөлүгү (бийликти күч менен басып алууга коомдук чакырыктар) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, 1984-жылы туулган Б.К.Ж. аттуу жаран кармалды.

Кармалган адам «TikTok'тогу» «oiboi_007» аккаунтунун ээси болгондугу жана массалык баш аламандыктарды уюштурууга жана бийликти күч менен басып алууга чакырыктарды камтыган чагымчыл мүнөздөгү материалдарды системалуу түрдө жарыялагандыгы аныкталды.

Тергөөнүн жүрүшүндө, ал мурда жарыяланган мыйзамсыз мазмундагы материалдарга тиешеси бар экендигин мойнуна алды.

Учурда кармалган адам УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Тергөө уланууда.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»