09:50, 10-апрель, 2026
Учурда окулуп жатат
09:23, 10-апрель, 2026 (517 адам окуп жатат)
Эдуард Кубатов кызматка дайындалды
09:03, 10-апрель, 2026 (231 адам окуп жатат)
Садыр Жапаров Ош облусуна барат
11:32, 8-апрель, 2026 (216 адам окуп жатат)
№19 округ боюнча бош калган мандат кимге өтөт?
11:54, 9-апрель, 2026 (41 адам окуп жатат)
Эдил Байсалов кызматтан кетип жатат
15:00, 8-апрель, 2026 (33 адам окуп жатат)
Эсептөө палатасынын жаңы аудиторлору шайланды

Чагымчыл мазмундагы материалды таратууга шектелген жаран кармалды

На русском
20:48, 9-апрель, 2026 763

АКИpress - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) «TikTok′тун» колдонуучусу кармалганын  кабарлады. Ал бийликти күч менен басып алууга чакырыктар камтылган материалдарды жайылткан деп шектелүүдө.

Маалыматка ылайык, 9-апрелде КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренесинин 2-бөлүгү (бийликти күч менен басып алууга коомдук чакырыктар) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, 1984-жылы туулган Б.К.Ж. аттуу жаран кармалды.

Кармалган адам «TikTok'тогу» «oiboi_007» аккаунтунун ээси болгондугу жана массалык баш аламандыктарды уюштурууга жана бийликти күч менен басып алууга чакырыктарды камтыган чагымчыл мүнөздөгү материалдарды системалуу түрдө жарыялагандыгы аныкталды.

Тергөөнүн жүрүшүндө, ал мурда жарыяланган мыйзамсыз мазмундагы материалдарга тиешеси бар экендигин мойнуна алды.

Учурда кармалган адам УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Тергөө уланууда.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»