03:28, 10-апрель, 2026

Бишкекте автобус айдоочуларынын айлыгын 30%га жогорулатуу пландалууда

На русском
21:14, 9-апрель, 2026 424

АКИpress - Бишкекте коомдук транспорттун айдоочуларынын айлыгын баскыч менен 30%га жогорулатуу пландалууда. Бул тууралуу 9-апрелде шаардык мэриянын басма сөз кызматы мэр Айбек Жунушалиевдин «Бишкек шаардык транспорт» муниципалдык ишканасынын айдоочулары менен болгон жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча билдирди.

Тиешелүү долбоор учурда иштелип чыгууда жана жакында Бишкек шаардык кеңешинин кароосуна киргизилет. Айлык акынын жогорулашы айдоочулардын жетишсиздигин кыскартып, коомдук транспорттун ишин турукташтырат деп күтүлүүдө.

Жолугушууда ошондой эле жол акыны накталай эмес төлөөгө өтүү маселеси да талкууланды. Мэриянын маалыматы боюнча, накталай эмес эсептешүүлөрдү киргизүү транспорт системасынын ишин ачык-айкын кылууга, коррупциялык тобокелдиктерди минималдаштырууга жана жүргүнчүлөрдүн агымын, финансылык түшүүлөрдү так эсепке алууну камсыз кылууга багытталган.

Мындан тышкары, накталай акчадан баш тартуу айдоочулардын эмгек шарттарын жакшыртып, алардын транспортту тоскоолдуксуз башкаруусуна мүмкүндүк берет, бул жол кыймылынын коопсуздугуна оң таасирин тийгизет.

Мэр жол эрежелерин жана аялдамаларга карата талаптарды так сактоо зарылчылыгын эске салды. Айрыкча, ал жүргүнчүлөрдү аялдама пункттарында гана түшүрүүнү колдоп, коомдук транспортту пайдалануу маданиятын калыптандыруунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

 

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»