11:52, 17-апрель, 2026

Стамбулда ТүркПАнын бейрасмий жолугушуусу өттү

На русском
09:20, 17-апрель, 2026 129

АКИpress - 16-апрелде Марлен Маматалиев Түрк мамлекеттеринин Парламенттик ассамблеясына (ТүркПА) мүчө өлкөлөрдүн парламенттеринин төрагалары менен Стамбул шаарында жолугушту. 

Алгачкы жолу уюштурулган бейформал жолугушуу боордош элдердин кызматташтыгын чыңдоого чоң түрткү берерин белгилеген Маматалиев кесиптештерине алакаларды арттыруу жаатындагы ойлору менен бөлүштү. 

«Биз бул жерде түрк дүйнөсүнүн орчундуу маселелерин кеңири талкуулап, келечекке багытталган узак мөөнөттүү чечимдерди иштеп чыгуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп жатабыз. Анткени азыр дүйнө жүзү олуттуу глобалдык коркунучтарга туш болуп, геосаясий туруксуздук, регионалдык чыңалуулар, эл аралык коопсуздукка байланыштуу чакырыктар, экономикалык каатчылыктар дүйнөлүк коомчулуктун алдында жаңы милдеттерди коюуда. Мындай шартта бир да мамлекет тушуккан көйгөйлөрүн жалгыз өзү толук кандуу чече албайт. Андыктан, мамлекеттерибиз ортосундагы кызматташууну чыңдоого, өз ара ишенимди бекемдөөгө жана биргелешкен аракеттерди күчөтүүгө басым жасашыбыз керек», - деди ал. 

Ошондой эле Кыргызстан ТүркПАнын негиздөөчү мүчөсү катары уюмдун ишмердүүлүгүнө жигердүү катышып келе жатканын айтты.

«Биз ТүркПАны парламенттер аралык диалогдун, тажрыйба алмашуунун жана өз ара колдоонун маанилүү аянтчасы деп билебиз. Ага ылайык, Кыргыз Республикасы уюмдун ишмердүүлүгүн өнүктүрүү, анын эл аралык аброюн жогорулатуу жана түрк дүйнөсүнүн биримдигин бекемдөө ишин активдүү улантат», - деп кошумчалады Маматалиев. 

Тагыраагы, Азербайжан, Казакстан, Мажарстан, Түркия, Түркмөнстан, Өзбекстан өлкөлөрү менен мамилелерди өнүктүрүү Кыргызстандын тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири экендиги белгиленди. 

«Биздин мамлекеттерибиздин ортосундагы кызматташтык бардык форматтарда, эки тараптуу жана көп тараптуу багыттарда өнүгүүдө. Бул, биринчи кезекте, өлкө жетекчиликтеринин жүргүзүп жаткан ырааттуу жана тең салмактуу тышкы саясаттарынын натыйжасы деп эсептейм. Ошону менен катар парламенттик дипломатия да алакаларды арттырууга чоң өбөлгө түзүп жатканын унутпашыбыз керек», - деген Марлен Маматалиев быйыл Кыргызстанда ТүркПАнын жыйындары өтөрүн белгилеп, бардык кесиптештерин аталган иш-чарага чакыра кетти. 

Жолугушууга Азербайжан, Казакстан, Мажарстан, Түркия, Түркмөнстан жана Өзбекстан өлкөлөрүнүн парламенттеринин жетекчилери катышып, кызматташтыкты арттыруу жаатындагы ойлору менен бөлүштү.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»